Деңизде сүзүү соодасы
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ДЕҢИЗДЕ СҮЗҮҮ СООДАСЫ – жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана алардын кол жүктөрүн ташуу; биологиялык ресурстарды өндүрүү; деңиз түбүнүн жана анын астынын минералдык жана жансыз ресурстарын чалгындоо жана иштетүү; лоцмандык жана музжаргычтык узатуулар; издөө, сактоо жана сүйрөтүү аткарымдары; деңизге чөгүп кеткен мүлктөрдү алып чыгуу; суу техникалык, суу астындагы техникалык жана башка суу астындагы жумуштар; санитардык, карантиндик жана башка көзөмөл; деңиз чөйрөсүн сактоо жана коргоо; деңиз илимий изилдөөлөрүн өткөрүү; окуу, спорттук жана маданий максаттарда кемелерди пайдалануу менен байланышкан ишмердик.